Программа жөнүндө маалымат

  1. “Спорттук даярдык" бакалавриат программасы илимий-педагогикалык жана илимий-методикалык негизде спорттун ар кандай түрлөрү боюнча окуу-машыктыруучуларды даярдайт, тандап алган спорттун түрү боюнча профессионалдык жөндөмдүүлүктөргө ээ, аларды даярдоого жана ар кандай курактык топтор жана категориялар үчүн программаларды иштеп чыгууга жөндөмдүү машыктыруучуларды даярдайт. Ошондой эле бүтүрүүчүлөргө илимий-методикалык билимге, машыктыруучулук жана окутуучулук жөндөмгө ээ болгон, тандап алган спорт түрү боюнча бардык дүйнөлүк спорт уюмдарында жана мекемелеринде иштөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Дене тарбия жана спорт бакалаврынын кесиптик ишинин чөйрөсү болуп төмөнкүлөр саналат: дене тарбия жана спорт мекемелери, анын ичинде балдар жана өспүрүмдөр спорту, спорттун жогорку жетишкендик түрлөрү, кесиптик прикладдык спорт түрлөрү. «Машыктыруучуларды даярдоо» бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү балдар өспүрүм спорт мектептеринде окутуучу-машыктыруучу болуп иштей алышат; олимпиадалык резервдин адистештирилген спорт борборлорунда; жалпы билим берүүчү мектептеринде; мамлекеттик жана коомдук спорт уюмдарында (комитеттер, борборлор ж.б.); спорт федерацияларында жана спорттук клубдарда, командаларда ж.б.

2. Программаны ишке ашыруу үчүн сапаттуу билим алууга, спорттук чеберчиликти жогорулатууга бардык шарттар түзүлгөн. Сабактар 7 аудиторияда, 1 комплекстүү стадиондо, күрөш, фитнес, оор атлетика, теннис, самбо-дзюдо, тогуз коргоол, шахмат залдарында уюштурулуп өткөрүлөт. Бөлүмдөрүбүз сабактарга керектүү атайын окуу куралдары (компьютер, проекторлор, киноэкран, сканер,принтерлер,нетбук жана ноутбуктар ) менен жана спорттук шаймандар, каражаттар менен толук камсыздалган. Жаңы спорткомплекс - оюндар залы менен (волейбол, баскетбол,теннис), жеңил атлетика, гимнастика, волейбол, баскетбол, тогуз коргоол, аянтчалары жана фитнес залы менен курулуп бүтүп ишке берилген. Электрондук китептерге, мезгилдүү басылмаларга, маалымат базаларына, электрондук ресурстарга жетүүнү камсыз кылган, окуу залдарын жана борбордук китепкананы үзгүлтүксүз интернет кызматын камсыз кылуучу интернет-инфраструктура түзүлгөн

3. Учурда бөлүмдө окутууну 5 штаттык окутуучу, анын ичинен 1 профессор, 1 доцент, 1 доктор, 2 окутуучу алып барышат. Кафедрада Түркиядан 1 профессор, 1 доцент иштейт. Бардык мугалимдер активдүү  түрдө илимий иштерди алып барышат: чет элдик жана республикалык изилдөөчүлөр менен биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшөт б.а. эл аралык долбоорлорго катышышат. Ошондой эле зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда иштеп жаткан тажрыйбалуу профессорлор, доценттер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучулары сааттык төлөм менен иштешет.

4. Ийгиликке жетишкен студенттер Эразмус, Мевлана, Фараби жана Орхун студент алмашуу программалары менен Түркия жана көптөгөн өлкөлөрдүн университеттеринде акысыз билим алуу жана университетибиздин колдоосу менен стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

5. «Спорттук даярдык» бакалавриат программасы илимий иштеп чыгууларга жана инновацияларга ылайык ар дайым жаңыланып турат.

Программанын компетенттүүлүктөрү

 

  1. Дене тарбия жана спорт тармагында илимий ишмердүүлүккө, маданий баалуулуктарга, толеранттуулукка ээ
  2. Дене тарбия, спорт тармагында жана машыктыруучулук ишмердигинде кыргыз жана түрк тилдерин, ошондой эле бир чет тилди жакшы деңгээлде колдоно алат
  3. Жеке же мамлекеттик спорт мекемелеринде дене тарбия жана спорт тармактарындагы  башкаруу, экономика, укуктук жана кесиптик иш чараларды жүргүзө алат
  4. Алган билимин жана маалымат технологияларды спорт тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүдө колдоно алат
  5. Дене тарбия жана спорт менен сергек жашоону өнүктүрүү боюнча иш-чараларды уюштурат жана баалоо отчетторун даярдай алат
  6. Дене тарбия жана спорт аркылуу инсандык сапаттарын өнүктүрүү жолдорун жана сергек жашоонун негиздерин үйрөтө алат
  7. Алган билимин, тажрыйбасын улуттук жана руханий сезимдерди өнүктүрүүдө колдонуу менен коомдогу терс көрүнүштөрдү алдын алууда, жеке адамдардын жашоо сапатын жогорулатууда колдоно алат
  8. Жеке адамдардын физикалык, психикалык жана социалдык өзгөчөлүктөрүн өнүктүрүүдө заманбап педагогикалык технологияларды жаш курагын эске алуу менен колдоно алат
  9. Спорттук билим берүү процессинде адамдардын жеке кызыгууларын жана мотивацияларын эске алуу менен ар кандай окутуу ыкмаларын колдоно алат
  10. Адамдын физикалык, социалдык жана психикалык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүдө машыктыруу принциптерин тандап алуу, саламаттыкты сактоо жана реабилитациялоо программаларын  ишке ашыруунун негизги факторлорун натыйжалуу колдоно алат. 
  11. Мамлекеттик жана жеке спорт уюмдары менен жигердүү кызматташа алат
  12. Коммуникация жана иш чара уюштуруу жөндөмдүүлүктөрүн колдонуу менен, спорттук иш-чараларга катышуучу адамдарды жетектей алат
  13. Дене тарбия жана спорт тармагында негизги изилдөө ыкмаларын колдонуу менен долбоорлорго катыша алат